Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө айыл аймагында жыйындар өткөрүлдү

Жыйында коррупциянын алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана кызматтык милдеттерди ак ниет менен аткаруу маселелери талкууланды. Катышуучуларга мыйзамдуулукту сактоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоо, паракорлукка жол бербөө ар бир кызматкердин негизги милдети экендиги өзгөчө белгиленди.

Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги кызматкерлерди таза, жоопкерчиликтүү жана элдин ишенимин актаган кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле жалпы айыл тургундарын кайдыгер болбоого, мыйзамсыз көрүнүштөргө күбө болгон учурда тиешелүү органдарга билдирүүгө үндөдү.