“Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 7-ноябрындагы №24-12172 сандуу катын жетекчиликке жана аткарууга алуу жөнүндө” катына негиз,

0
603098410_831083103290705_7320211758012138494_n

Орозбеков айыл аймагында жарандык жоопкерчиликти , үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды чыңдоо, эмгекчил жана үлгүлүү жарандарды даңазалоо, коомдук ынтымак жана биримдикти бекемдөө максатында, айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-декабрында №01-06/396 сандуу буйругу менен айыл аймагындагы үлгүлүү адамдарды жана жаматтарды аныктоо боюнча конкурс уюштуруп өткөрдү. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистери, маданият кызматкерлери, айыл башчылары жана мектеп мугалимдери аркылуу “Үлгүлүү аксакал”, “Үлгүлүү байбиче”, “Нарктуу келин”, “Мыкты ата”, “Үлгүлүү үй-бүлө”, “”Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, ”Үлгүлүү ишкана”, “Үлгүлүү жамаат (коллектив)” конкурсун уюштуруп өткөрүүнүн жол-жобосу жергиликтүү калкка, мекеме-ишаналарга, жамааттарга жайылтылып, 9 номинация боюнча талапкерлерди тандоо жүргүзүлдү. Комиссия курамы сунушталган талапкерлерди тандоодо алардын жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин эске алып, коомго пайдалуу адамдарды даңазалоого өзгөчө көңүл бурду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *