Кыргыз Республикасынын Президентинин 08.04.2022-жылдагы «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү» №109 сандуу Жарлыгы жана 14.03.2023-ж. №56 «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуун жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарынын негизинде Орозбеков айыл аймагында жолдорду кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. «Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өз билемдик менен кеңейтүү» боюнчаОрозбеков айылында жана Ак-Кыя айылындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жарандардын бекитилип берилген жер участогунан ашыкча жерлер аныкталып, куруп алган мыйзамсыз курулуштары, тосмолору буздурулуп жатат. Бул иш-аракеттер мындан ары да жүргүзүлөт Эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттер болгон жок. Айрым соцтармактарга чыгып жаткан туура эмес маалыматтарга ишенбеңиздер. Урматтуу Орозбеков айыл аймагынын тургундары! Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди туура түшүнүү менен кабыл алып, айыл аймагынын инфраструктурасын өнүгүшүнө салым кошолу! *Орозбеков айыл өкмөтү*